Баткен шаарында аялын өлтүрө сабаганга шектелген жарандын иши сотко өттү. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Баткен ОИИБинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, сотко иш 27-февралда жөнөтүлгөн.
"Иш сотко жөнөтүлдү. Азырынча соттук отурумдун датасы тактала элек", - деди басма сөз кызматынан.
Окуянын чоо-жайы:
4-январга караган түнү саат 01:00 чамасында Баткен облустук ооруканасына 1993-жылы туулган А.Н. аттуу тургундун жансыз денесин оорукананын жандандыруу бөлүмүнө жеткирилгенин кабарлашкан. Ыкчам тергөө тобу облустук ооруканага барып, маркумдун жансыз денесине кароо жүргүзүшкөн. Текшерүү учурунда маркумдун колу-буту күйүктөн улам, этинин териси шылынган жаракаты бар экени аныкталган. Текшерүү иштеринин жүрүшүндө, 3-январь күнү саат 18:30да Баткен шаарынын Базар-Башы кварталынын 1989-жылы туулган С.Ш. аттуу тургуну менен 7 жылдан бери чогуу жашаган аялынын ортосунда чыр чыгып, чырдын кесепетинен келин каза болгону аныкталган. Аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 130-берене (киши өлтүрүү) менен каттоого алынып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган. Маркумдун жолдошу кылмышка тиешеси бар экени аныкталып, шектүү катары кармалган. Жубайлардын ортосунда 3 баласы болгон.