Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы мектепте болгон окуучулардын мушташынан кийин Аксы РИИБинин жетекчиси кызматкерине сөгүш берди. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.
"Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы мектепте болгон окуучулардын мушташынан кийин Аксы РИИБинин жетекчилиги милициянын ыйгарымдуу өкүлү өзүнүн түздөн-түз функционалдык милдеттерин тиешелүү деңгээлде аткарбагандыгы жана начар профилактикалык иштерди жүргүзгөндүгү үчүн сөгүш берди. Ал эми жашы жете электердин иштери боюнча инспекторуна укук бузууларды алдын алууну күчөтүү, профилактикалык чараларды көрүү керектиги айтылды. Ага карата кызматка бир жума мурда дайындалганына байланыштуу жаза колдонулган жок", - деп жазылат маалыматта.
Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы мектепте болгон окуучулардын мушташы боюнча облустук милициядан төмөнкүлөрдү билдиришкен. Буга чейин Аксы районундагы мектепте болгон окуучулардын мушташынан кийин мектеп директору иштен алынганы кабарланган.