Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда баңгизатын Бишкек-Ош жолунда сатып жаткан жаран кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Жалал-Абад ОИИБинин криминалдык милиция кызматынын опер кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында Токтогул районунун аймагында А. аттуу жаран баңгизатын мыйзамсыз сатып жүрөт деген ыкчам маалымат алынган. Аталган маалыматтын негизинде 2020-жылдын 11-март күнү Токтогул районунун Үч-Терек айылынан өтүүчү Бишкек-Ош жолунун жээгинен ири өлчөмдө баңгизатын мыйзамсыз сатып жаткан жеринен Токтогул районунун тургуну 1983-жылы туулган Т.З. кармалып, жанынан 10 даана скотчко оролгон абалда болжол менен 4 килограмм 633 граммды түзгөн наркотикалык баңгизатка окшогон каражат видео тасмага тартылып, тийиштүү кагаздардын негизинде оозу печатталып алынган.
Аталган факты Токтогул РИИБинде Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Тергөөнүн жүрүшүндө шектүү Т.З. баңгизатын өзүнүн айылдашы Токтогул районунун тургуну 1965-жылы туулган Т.Ж. аттуу жарандан алгандыгын билдиргендиктен, анын жашаган үйүнө кечиктирилгис тинтүү иштери жүргүзүлүп, даярдоого керектүү болгон далил буюмдар алынып, тиешелүү экспертизалар дайындалган. Кылмышка шектүү жарандар убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.