Португалия курамасынын жана италиялык "Ювентус" клубунун чабуулчусу, дүйнөлүк футбол жылдызы Криштиану Роналду коронавируска шектелип карантинге алынды. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты.
Буга себеп, 9-мартта өткөн Италия чемпиондугунун 26-турунун алкагында "Ювентус" - "Интер" беттешинде Роналду негизги курамда ойногон. Бул беттеште аталган клубдун коронавирус жуктурган оюнчусу Даниеле Ругани стадиондо алмашууда отурганы болгон.
Учурда Роналду үй-бүлөсү менен Португалиянын Мадейра аралында. Роналду бул өлкөдө бир нече күн карантинде болмокчу.