Жогорку Сот: "Пара менен кармалган судья азыркы учурда жумушта жок"

Кечээ, 12-мартта Бишкектеги Биринчи Май райондук сотунун судьясы пара алууга шектелип кармалган.

Ал эми бүгүн, 13-мартта жергиликтүү айрым маалымат булактары пара менен кармалган судья жумушка чыкканын жазып чыгышты. Бул маалыматты тактоо үчүн биз Жогорку Соттун басма сөз кызматына байланышканыбызда алар "судья азыркы учурда жумушта жок" деп жооп беришти.

Буга чейин Финпол судьяны кармап жаткан учурдагы видеону жарыялаган. Ал эми SUPER.KG порталына өздүк булактар судья кечээ убактылуу кармоочу жайга киргизилбегенин, ал кечинде коё берилгенин айткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан