Ырчы Нурлан Насип көзүнө операция жасатты. Операция 12-мартта Түркиянын Измир шаарындагы клиникалардын биринде болгонун ырчынын жубайы Асел Кадырбекова ырастады.
Айтымында, операция ийгиликтүү өттү. Ал эми Нурлан Насип көзүнүн көрүүсү начарлап кеткенине байланыштуу операция жасатканын билдирет. "Операция 1 саатка созулуп, ийгиликтүү аяктады. Операциядан кийин Стамбул шаарындагы клиникадан текшерүү жасалат", - дейт ал.