Доллардын улуттук валютага карата курсу азыркы чегинде кармалып турат. Бул тууралуу бүгүн, 16-мартта өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев коронавирустун алдын алуу жана анын жайылышына жол бербөө боюнча маалымат жыйынында билдирди.
"Өткөн аптада дүйнөлүк рынокто нефтинин баасы 30 пайызга түшүп кеткен. Бул жагдайдан улам нефтиге байланышы бар Орусиянын, Казакстандын валюта курстары төмөндөдү. Биз дагы ошого жараша доллардын улуттук валютага карата курсун төмөндөтүүгө мажбур болдук. Бирок учурда Улуттук банк менен биргеликте бир катар иш-чаралар жүргүзүлдү, Улуттук банктын курсу боюнча 1 доллардын баасын 73 сомдук чекте кармап турабыз", - дейт Абылгазиев.
10-мартта саат 17:00гө карата Бишкек шаарында доллардын баасы кескин кымбаттап кеткен. Борбор калаадагы акча алмаштыруучу жайларда жана банктарда доллар заматта 3 сомго көтөрүлгөн. Улуттук банк валюталык интервенция жасап, 53 миллион 700 миң АКШ долларын (анын 4 миллиону нак акча түрүндө) сатыкка чыгарып, абал туруктуу деп билдирген.
Соңку 3 жылда доллардын сомго карата курсу дээрлик туруктуу 69-70 сомдун тегерегинде сакталып келген. Доллардын сомго карата курсунун эң жогорку чеги 2015-жылдын 25-ноябрында 78-80 сомго чейин жеткен. Бирок бул баа бир күнгө эле кармалып, эртеси Улуттук банк интервенция жүргүзүү аркылуу доллардын баасы ылдыйлаган эле.