Бишкекте таксисттин унаасын айдай качкан шектүү кыз кармалды. Бул тууралуу Ленин РИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 27-февраль күнү Ахунбаев жана Тыналиев көчөлөрүнүн кесилишинде кыз такси чакырткан. Кызды таксист айткан дарекке алып баргандан кийин жол акыны төлөгөн эмес. Мындан улам айдоочу милиция кызматына телефон чалып жатканда кыз унааны айдап, качып кеткен.
Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Ал эми ыкчам иликтөө тобу бул ишке шектүү деп 1997-жыл туулган Ж.Р. аттуу кызды кармашкан.
Шектүү кыздын баш коргоо чарасы каралып, ал СИЗО-1ге киргизилген. Учурда шектүүнүн ушул сыяктуу башка кылмыш иштерине тиешеси бар же жогу текшерилүүдө.