Өспүрүмгө ыдык көрсөткөн делинип издөөдө жүргөн Түркиянын жараны Кыргыз өлкөсүнүн аймагынан кармалды

Өспүрүмгө ыдык көрсөткөн делинип издөөдө жүргөн Түркиянын жараны Кыргыз өлкөсүнүн аймагынан кармалды. Ал укук коргоо кызматкерлери жана Интерпол тарабынан изделип жаткан.

Ички иштер министрлигинин экстремизмге каршы күрөшүү кызматы тарабынан издөөдө жүргөн 36 жаштагы А.С. аттуу Түрк жараны кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан кабарлашты.

"Кармалган жаран 2018-жылдан бери Кыргыз өлкөсүнүн аймагында жүрүп, жогорку окуу жайлардын биринде иштеп келген. Ал Биринчи Май райондук соту тарабынан кармалып, 1 айга камакка алынды. Учурда шектүүнү экстрадициялоо маселеси каралып жатат", - деди маалымат кызматынан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан