Биз социалдык тармакта

Бишкекте мыйзамсыз куралды сактап жүргөн деген шек менен 14 жаштагы өспүрүм кармалды

Бишкекте мыйзамсыз куралды сактап жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу патрулдук милициянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 16-март күнү болжол менен саат 06:25 чамасында Бишкек ШИИББинин 102 кызматына 12-кичи райондо такси кызматынын айдоочу жардам сурап жатат деген маалымат келип түшкөн.

Айтылган дарекке милициянын кайгуул кызматы барганда айдоочу 12-кичи районунда ок атуучу курал менен кимдир бирөө жүргөнүн айткан. Ал эми кызматкерлер айтылган даректен шектүүнү аныкташкан. Ыкчам аракеттердин натыйжасында изи сууй электе 2006-жылы туулган жаран Л.К. шектүү катары кармалып, текшерүү учурунда жанынан бычак жана 4 даана ок табылган. Андан ары жарандын жашаган дарегине барып, үйүн текшергенде үйдүн ээси 1989-жылы туулган О.М. аттуу жаран экендиги такталып, үйүн тинтүү учурунда МА-АК 7,62 ок атуучу куралы 27 даана огу менен табылган. Мындан сырткары 5 даана калибр огу табылган.

Аталган факты Октябрь РИИБинин тергөө бөлүмүнө өткөрүлүп берилген. Учурда сотко чейинки өндүрүш иши жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан