Бишкектин Байтик Баатыр көчөсүндөгү дүкөндүн жанынан эс-учун жоготкон абалда белгисиз жаран табылган. Анын денесин кароо учурунда көкүрөк тушунан бычактан жаракат алганы аныкталган. Бул кылмышка шектүү делинген жаран кармалганын Октябрь РИИБинин басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, 12-мартта түндө Бишкек ШИИББинин нөөмөт бөлүмүнө Байтик Баатыр көчөсүндөгү дүкөндөрдүн биринин жанынан эс-учун жоготкон абалда белгисиз жаран жаткандыгы айтылган.
"Жерине Октябрь РИИБинин ыкчам-тергөө тобунун кызматкерлери барышып, жабырлануучу 1979-жылы туулган А.Э. экенин аныкташкан. Ошондой эле жабырлануучунун көкүрөк тушуна бычак сайылганы белгилүү болуп, Улуттук хирургия борборуна жеткирилген.
Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 138-берене (ден соолукка оор залал келтирүү) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган. Кылмышка шектүүнү издөө иштеринин жүрүшүндө 1979-жылы туулган Г.М. аттуу жаран кармалды. Кармалган жаран кылмыш кылууда колдонгон бычакты өз эрки менен берди. Учурда шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө амалдары улантылып жатат", - деди маалымат катчы.