Коронавирус аныкталган 3 Кыргыз жараны 12-мартта учуп келишкен. Обсервацияга алынган эмес

"Коронавирус жуктуруп алганы аныкталган 3 Кыргыз жараны Сауд Арабиядан 12-мартта учуп келишкен". Бул тууралуу бүгүн, 18-мартта саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев билдирди.

Коронавирус аныкталган 3 Кыргыз жаранынан тышкары кичи ажылык зыяратта 5 жаран болгон. Алар учуп келген аба каттамында 135 жүргүнчү бар болгону аныкталып, азыркы учурда 90дон ашуун жүргүнчүнүн аты-жөнү такталып, обсервацияга алынган. "Аларга керектүү дарылануу жүргүзүлүп жатат. Коронавирус аныкталгандар Жалал-Абадда дарыланып жатышат", - дейт министр.

"Коронавирус жуктуруп алганы аныкталган Кыргыз жарандары эмне үчүн Кыргыз өлкөсүнө учуп келери менен обсервацияга алынган эмес?" деген суроого Саламаттыкты сактоо министрлигинен алардын 12-мартта учуп келгенин жүйө кылышты.

12-мартта республикалык штаб коронавирустун чыккан учуру катталган өлкөлөрдөн келгендердин бардыгы 3 категорияга бөлүнөрүн маалымдаган. Сауд Арабия 3-категориянын ичинде болчу. Аталган өлкөлөрдөн келсе, баштапкы текшерүүгө алынып, андан ары үйүнө коё берилет деп айтылган.

Коронавирус Кыргыз өлкөсүнө жетти. Жалал-Абадда Умрадан келген 3 жарандан коронавирус аныкталды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
pero5184
2020-03-18 10:24:15
Ушундай учурла үйлөрүндө эле отурушса болмок
+8
airada
2020-03-18 10:33:53
Кыргызымдын Кудайым өзүн сактай көр
+8
Kairat1996
2020-03-18 10:43:48
Кудай сактайт деп умра, дааватта журо бербей озунорго сак болгула.
+4
nazgul1905
2020-03-18 10:46:22
Мына бийликтин иштегенинин натыйжасы,мээ дегенден жок экен да жогоркуларда,иштеп жатабыз,текшерип жатабыз деди эле,кана иштегени???
+9
bond02
2020-03-18 10:49:29
Башталганда эле 3 адам дейт го шумдук, ошол самолётто бирге учкандар бироолордун убалына калбай, бироолорго жуктурбай озунор келип текшерилгиле эми, уйунордо жата бербей.
+12
aizira
2020-03-18 11:01:49
Эмнеге обсервацияга алышпайт. Кыйратып текшерип жатабыз дейт даже жакында америкадан келген кайнимдин температурасын да текшербептир. Эми эмне болобуз аллахым озун сакта
+9
sirenaaaaa
2020-03-18 13:08:26
Женил туру болуп бат эле айыгып кетишсин
+2
Shaa-82
2020-03-18 13:11:35
12синен бери канча жерлерге барышты канча адамдар умрадан келди деп барып учурашты, канча кун отту уужас
+1
Asman779
2020-03-18 13:48:10
Биздин чондорго айла жок экен да соз менен эле кыйратат. 12 де келсе далайына жуктурду да. 14 кун карантин деп атты эле, эми болду Кыргызстанды аралап кеткен турбайбы. Эртен дагы баланса киши деп чыгат. Ушундан коро колубуздан бок келбейт озунор озунорду карагыла десе болмок жегичтер. Жегенди эле билесинер
+2
Sahka
2020-03-18 18:27:00
Asman779,туптуура айттын
0
Sahka
2020-03-18 18:25:27
3 ко 5 ке болуп отура бергиле
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан