Биз социалдык тармакта

Бишкек шаарында жалпы 610 адамдан коронавирус аныкталды

Бишкек шаарында бүгүнкү күнгө карата коронавирус жалпы 610 адамдан аныкталды. Анын ичинен 335и аял киши болсо, 275и эркек. Бул тууралуу Бишкек шаарынын вице-мэри Татьяна Кузнецова Өкмөт үйүндө өткөн онлайн брифинг учурунда айтты.

"Бишкек шаарында коронавирустук инфекциянын коркунучу жогору бойдон калууда. Ошондуктан карантин жана өзгөчө кырдаал режими сакталууда. 12-июнга карата Бишкек шаарында коронавирус инфекциясы жалпы 610 адамдан аныкталды. Анын ичинен 85 адам сырттан келген болсо, 525и жергиликтүүлөр", - деди Кузнецова.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан