Коронавирус жуктуруп алганы аныкталган 3 Кыргыз жараны Сауд Арабиядан 12-мартта учуп келген. Бул тууралуу бүгүн, 18-мартта саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев билдирди.
"16-мартта алгач аял кишинин дене табы жогору болуп жатканы белгилүү болуп, тест алынган. Андан кийин 3 эркек киши шектүү делинип, алардан дагы тест алынып, ошол эле күнү Оштогу лабораторияга жөнөтүлгөн. Тесттин жыйынтыгында аялдан коронавирустун белгилери аныкталган эмес. Ал эми 3 эркек кишиники вирустун белгилери бар деп чыгып, тестти Бишкектеги лабораторияга жөнөткөнбүз. 17-мартта кечинде Бишкектеги лаборатория дагы вирустун бар экенин тастыктады", - деди министр.
Коронавирус аныкталган 3 Кыргыз жаранынан тышкары кичи ажылык зыяратта 5 жаран болгон. Алар учуп келген аба каттамында 135 жүргүнчү бар болгону аныкталып, азыркы учурда 90дон ашуун жүргүнчүнүн аты-жөнү такталып, обсервацияга алынган. Жабыркагандардын бири 1958-жылы туулган, экинчиси 1974-жылы туулган, ал эми үчүнчүсү 70 жаштагы жаран.