Ош облусу боюнча 14 пост калды. Бул тууралуу бүгүн, 2-майда онлайн маалымат жыйынында өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Узарбек Жылкыбаев билдирди.
"Райондор аралык такси кызматына уруксат бериле элек. Анткени райондор аркылуу бири-бирине каттамдарга дагы деле уруксат берилген эмес. Себеби өзгөчө кырдаал алына элек. Посттордун көпчүлүгү алынды. Облус боюнча 86 пост коюлган болчу. Азыркы учурда 14 пост калды", - дейт Жылкыбаев.