Бүгүн, 18-март күнү умрадан келген Жалал-Абад облусунун 3 жаранынан коронавирус аныкталганы маалым болду. Благовещенка айылынын тургуну учурда айылдагылар үйдөн чыкпай жатабыз деп SUPER.KG порталына билдиришти.
"Умрадан келгенден кийин ажы киши той кылган. Кечээ жарандарды алып кетишиптир. Бизге маалымат таң эрте жетти. Азыр айылда милиция кызматкерлери жүрөт. Үйдөн чыкпаганга байланыштуу абал кандай болуп жатканын билбей жатабыз", - деди айылдын тургуну.