Жогорку Кеңештеги "Бир болдун" лидери Алтынбек Сулайманов фракция бир айлык маянасын Саламаттыкты сактоо министрлигине которгонун билдирди. Бул тууралуу депутат социалдык тармактагы баракчасында жарыялады.
"Урматтуу мекендештер, “Бир бол” фракциясы коронавирус менен күрөшүүдө алгачкы жардам катары бир айлык маянабызды Саламаттыкты сактоо министрлигине котордук. Мындан ары дагы жардамыбызды беребиз. Учурда Кыргыз жарандары коронавирус жуктуруп алган учурлар катталгандыгына байланыштуу өлкө үчүн ар бирибиздин салымыбыз, жардамыбыз маанилүү болуп турат. Бардыгыбыз тазалык эрежелерин сактап, эл көп топтошкон жерлерден алыс болуп, улуттун саламаттыгына өз салымыбызды кошолу", - деп айтылат анда.