Бүгүн, 19-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Айнуру Алтыбаева "жалпы Кыргыз өлкөсү боюнча өзгөчө кырдаал киргизилеби?" деп сурады.
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев: "Умрага барган 144 жаранды тактадык. Алар ким менен байланышканы боюнча тизмени тактагандан кийин бул маселе каралат. Азырынча негиз жок", - дейт.
Бүгүн, 19-мартта Жогорку Кеңеште коронавирустун жайылышына каршы көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө өкмөттүн маалыматы угулууда.