Бишкекте айдоочу даракты сүзүп, 3 адам жаракат алды. Жабырлануучулардын бири комада жатат

Бишкекте айдоочу унаасы менен даракты сүзүп, кырсыктын кесепетинен 3 адам жабыркады. Автокырсык бүгүн, 19-мартта таңкы саат 03:00 чамасында Чүй кең көчөсү менен Калык Акиев көчөсүнүн кесилишинде орун алды. Маалыматты патрулдук милициянын басма сөз кызматынан билдиришти.

"Киа K7 унаасынын айдоочусу даракты сүзүп кеткен. Кырсыктын кесепетинен 3 адам жаракат алды. Бирөө оор абалда Бишкектеги Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборуна жеткирилип, эс-учун билбей комада жатат. Унаа айып короосуна токтотулду. Учурда кырсыктын келип чыгуу себептери такталууда", - деди маалымат катчы.

Чүй кең көчөсү менен Калык Акиев көчөсүнүн кесилишиндеги жол кырсыгы
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Kuban-1207
2020-03-19 13:00:12
Өлүп бараткансыбай акырын эле айдабайбы
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан