АФК Кыргыз өлкөсүнүн эки футболчусун Орто Азиядагы мыкты жаш 7 футболчунун катарына кошту

АФК (Азия Футбол Конфедерациясы) кыргыздын жаш жана таланттуу футболчулары Гүлжигит Алыкулов жана Бекназ Алмазбековду Орто Азиядагы мыкты жаш футболчулардын катарына кошту. Бул тууралуу АФКнын сайтына жарыяланды.

Футбол боюнча Кыргыз улуттук курамасынын жарым коргоочусу, учурда казакстандык "Кайрат" клубунун оюнчусу Гүлжигит Алыкулов 2019-жылы Кыргыз өлкөсүнүн мыкты футболчусу аталган.

Бекназ Алмазбеков Түркиянын ири клубдарынын бири "Галатасарай" футболдук клубунун өспүрүмдөрүнүн капитаны. Бекназ Алмазбеков калыс тарабынан берилген пенальтини туура эмес деп баш тартканы менен белгилүү. Ал 16 жашка чейинкилер арасында Бишкекте өткөн Азия чемпиондугуна тандап алуу оюндарында БАЭ жана Ливан өлкөлөрүнө гол киргизген жана мыкты голдук пастарды чыгарып берген.

Орто Азиянын мыкты жаш 7 футболчусу:

1. Гүлжигит Алыкулов, 20 жашта; "Кайрат" клубунун оюнчусу;

2. Остон Урунов, 19 жашта (Өзбекстан); "УФА" клубунун оюнчусу (Орусия);

3. Рустам Соиров, 17 жашта (Тажикстан); "Истиклол" клубунун оюнчусу (Тажикстан);

4. Аллахьяр Сайядманеш, 18 жашта (Иран); "Фенербахче" клубунун оюнчусу (Түркия);

5. Жасур Жалолиддинов, 17 жашта (Өзбекстан); "Бунёдкор" клубунун оюнчусу (Өзбекстан);

6. Бекназ Алмазбеков, 15 жашта; "Галатасарай" клубунун оюнчусу (Түркия);

7. Мухриддин Хасанов, 17 жашта (Тажикстан); "Худжанд" клубунун оюнчусу (Тажикстан).

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан