Күнгө 19-март, коңшу Өзбекстанда коронавирус менен жабыркагандардын саны жалпысынан 23кө жетти. Коронавирус жуктуруп алганы аныкталган биринчи Өзбек жаранынын дагы үч жакынынан вирус аныкталды деп жазышат өзбек басылмалары.
Аталган өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, 18-мартта вирус менен жабыркагандардын саны 18 болсо, бүгүн саат 10:00гө карата 23кө жетти. Вирус аныкталган жарандардын үчөө Франциядан келген аялдын жакындары, ал эми эки жарандын бири Стамбулдан, экинчиси Лондондон келгени белгилүү болду. Алар буга чейин карантинге алынып, тест тапшырышкан деп жазылат маалыматта.
Ал эми бүгүнкү күнгө карата Казакстанда коронавирус менен 37 адам жабыркап жатат. Алардын 19у Алматы шаарында, 18и Нур-Султан шаарында катталды.