"Ухан вирусу": Дүйнөдө коронавирус жуктуруп алгандардын саны 5 миллион 588 миң 229га жетти

27-майга карата дүйнөдө коронавирус илдетин жуктургандардын саны 5 миллион 588 миң 229га жетти. Анын арасынан 2 миллион 286 миң 827 бейтап сакайып, ооруканадан чыгарылса, 350 миң 423 адам көз жумду.

АКШда илдет менен 1 миллион 680 миң 625 адам катталды. Андан 384 миң 902 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылса, тилекке каршы, 98 миң 902 адам оорудан каза болду.

Коронавирусту жуктургандардын санынын көптүгү боюнча экинчи орунга чыккан Бразилияда 391 миң 222 адам илдетти жуктурган. Оорудан 158 миң 593 адам айыкса, каза болгондордун саны 24 миң 512ге жетти.

Орусияда 362 миң 342 адам коронавирус илдети менен катталган. Анын арасынан 131 миң 129 бейтап сакайып, 3 миң 807 адам дүйнө салды.

Жогорудагы маалымат АКШдагы Жон Хопкинс атындагы университеттин сайтынан алынды. Аталган булак Саламаттыкты сактоо боюнча дүйнөлүк уюм, коронавирус катталган өлкөлөрдүн Саламаттыкты сактоо министрликтери берген маалыматка таянып, сутка ичинде бир канча ирет жаңылоо менен вирустун тарашы боюнча статистиканы көзөмөл кылып жатат.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан