"Сатыкка доллар жок. Эмнеге кымбаттап кеткенин билбейбиз, өзүбүз нерв болуп отурабыз". Бишкектин акча алмаштыруучу жайларындагы азыркы абал (фоторепортаж)

"Сатыкка доллар жок. Эмнеге кымбаттап кеткенин билбейбиз, өзүбүз нерв болуп отурабыз". Бул тууралуу Бишкектин Москва жана Совет көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан акча алмаштыруучу жайларды иштеткендер билдиришти. Азыркы тапта SUPER.KG порталынын кабарчылары банктарды жана акча алмаштыруучу жайларды кыдырып, сурамжылоо кылып жүрүшөт.

Бүгүн, 19-март саат 17:30га карата Кыргыз өлкөсүндөгү айрым коммерциялык банктар 1 АКШнын долларын 85 сомго сатып жатканы маалымдалган.

"Доллардын кымбаттап кетүүсү алдын ала күтүлүп жаткан. Себеби буга чейин Орусияда доллар 73төн 82-83 рублге чейин, Казакстанда 410дон 450 тенгеге чейин көтөрүлдү. Бул коронавируска байланыштуу бардык мамлекеттер чек арасын жаап, ошонун алкагында экономикалык каатчылык болуп жатат. Кыргыз өлкөсүндө кымбаттап кетиши бул эми азыр заман башка, маалымат көп. Кыргыздар Орусия менен Казакстанда эмне болуп жатканын көрүп-билип турушат, ошондон улам да долларга суроо-талап жогорулай берди. Кесепети ушул жагдайга алып келип койду. Мындан ары көтөрүлөт деп ойлобойм, жеткен чеги ушул болушу керек", - деди акча алмаштыруучу жайлардын бирин иштеткен адам.

Ал эми долларды сатып алмакчы болуп акча алмаштыруучу жайга келген Нурбек аттуу жаран нааразычылыгын билдирди. "Бирөөдөн доллар менен карызга алдым эле, ошону кайтарайын деп, доллар алганы келгем. Курсту карасам 85. Мен 69 кезинде жакында эле алгам. Ортодон 15 сомдон ашык чыгым болуп жатам. Өкмөт болобу, кимиси болсо да, карап көзөмөлдөп коюшпайбы. Карапайым калкка кыйын болуп жатат. Менимче, спекулянттардын эле оюну болууда", - деди ал.

Буга чейин 10-мартта Бишкекте 1 доллар 69-70тен 73 сом болуп, 3 сомго кымбаттап кеткен. Доллардын сомго карата курсунун эң жогорку чеги 2015-жылдын 25-ноябрында 78-80 сомго чейин жеткен. Бирок бул баа бир күнгө эле кармалып, эртеси Улуттук банк интервенция жүргүзүү аркылуу доллардын баасы ылдыйлаган эле. Мындайча айтканда, бүгүнкү 85 сомго көтөрүлүү бул рекорд болду.

Диаграммадан көрүнүп тургандай, соңку 3 жылда доллардын сомго карата курсу
дээрлик туруктуу сакталып келген.


Кечээ, 18-мартта орус рубли долларга карата кунун жоготуп, 1 доллар 82 рублге чейин чыккан.

1 доллар 85 сомго чыкты
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
sirenaaaaa
2020-03-19 18:58:51
Адамдар уйундо долларды да жеп жатышса керек Унга кошуп. Тообо, тообо
+5
Shekeev969798
2020-03-19 23:12:17
sirenaaaaa,Мен да алып койгом)) Суйунуп отурам 69 да 15мин алган элем
+1
aiba_00
2020-03-20 09:30:55
Shekeev969798 Бай экенсин 15 мин долларын болсо, эми 85 дагы которолусо экен деп атсан керек ээ.
+2
XATSAN125
2020-03-20 15:52:22
Нерв болуп жатышат бекен а пайдадан калдык деп
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан