Бишкекте унааны сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен айдоочу кармалды. Кырсык 10-мартта Ахунбаев жана Чортеков көчөлөрүнүн кесилишинде орун алганын патрулдук милициянын басма сөз кызматынан билдиришти.
"1969-жылы туулган М.Д. аттуу жарандын башкаруусундагы Хендай Соната үлгүсүндөгү унааны Тойота Эстима унаасынын айдоочусу сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен.
13-мартта саат 15:00 чамасында жабырлануучу Тойота Эстима үлгүсүндөгү айдоочуну үйүнөн таап, Бишкек ШИИББинин нөөмөт бөлүмүнө кабарлаган.
Милиция кызматкерлери Тойота Эстима үлгүсүндөгү унаа 1966-жылы туулган М.Р. аттуу аялдын башкаруусунда болгонун аныкташкан. Бирок айдоочу милициянын кайгуул кызматкерлерине баш ийбей, оозго алгыс сөздөрдү айткан. Шектүү тергөө кызматына өткөрүлүп берилди.
Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 355-беренесинин 2-бөлүмү менен сотко чейинки өндүрүшкө алынды. Ал эми унаа айып короосуна токтотулду", - деп билдирди маалымат катчы.