Бишкекте алдамчылыкка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Свердлов РИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 2018-жылдын август айында шектүү жаран БМВ унаасын таанышынан алат. Ал таанышына унааны жер тилкесине алмаштырып берүүнү убадалайт. Бирок көп өтпөй убадасын аткарбай, таанышынан кача баштайт.
Мындан улам жабырлануучу милицияга кайрылып, бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.
Ыкчам тергөө тобу бул ишке шектүү катары 1956-жылы туулган А.К. аттуу жаранды кармашкан. Учурда ал камакка алынып, териштирүү иштери жүрүүдө.
Милиция кызматкерлери кармалган адам башка дагы кылмыш иштерге тиешеси бар же жогун текшерүүдө. Мындан улам кызматкерлер шектүү тууралуу маалымат билгендер болсо төмөндөгү номерлерге чалып коюну өтүнөт.
Байланыш телефону: 0702 28 80 08, 0 554 10 28 79.