Бишкекте 24 жаштагы кызды сүзүп, из жашырган айдоочу кармалды. Бул тууралуу патрулдук милициянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 17-март күнү болжол менен саат 08:00 чамасында белгисиз айдоочу унаасы менен Ауэзов көчөсүнөн түндүк тарапка бара жатып, 1996-жылы туулган А.Н. аттуу кызды сүзүп, окуя болгон жерден из жашырган.
Натыйжада жабырлануучу кыз Бишкектеги Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборуна кайрылган. Жүргүзүлгөн ыкчам издөөнүн натыйжасында 18-март күнү милициянын кайгуул кызматынын издөө бөлүмүнүн кызматкерлери шектүү айдоочуну кармашкан. Айдоочу 1991-жылы туулган А.Р. аттуу жаран болгон. Чогулган материалдар Бишкек ШИИББинин тергөө кызматына өткөрүлүп берилди. Азыркы учурда унаа айып короосуна токтотулуп, териштирүү иштери жүрүүдө.