Бүгүн, 20-мартта саат 06:49да Ысык-Көлдө жер титирөө катталды. Кырсыктын кесепетинен жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок деп билдирет ӨКМнын маалымат кызматынын өкүлү.
"Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, саат 06:49да өлкө аймагында очогунда күчү 5 баллга жеткен жер титирөө катталган. Жер титирөө Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Кажы-Саз, Кажы-Сай, Туура-Суу айылдарында 5 балл, Төрт-Күл, Темир-Канат, Эшперов, Көк-Сай, Ак-Сай айылдарында 4 балл, Коңур-Өлөң, Тогуз-Булак, Кара-Коо, Бар-Булак айылдарында 3 балл жана Жети-Өгүз районунун Чоң-Жаргылчак, Барскоон айылдарында 3 баллга чейин сезилген. Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок", - деп билдирди маалымат катчы.