27 жаштагы жаран кыз ала качууга шектелип кармалды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.
"2020-жылдын 19-мартында Милициянын кайгуул кызматына 1994-жылы туулган А.К. аттуу кыз арыз менен кайрылган. Анда 19-мартта болжол менен саат 21:40 чамасында арыз ээсинин 1993-жылы туулган Г.Ш. аттуу курбу кызын никеге туруу максатында, эркине каршы белгисиз жаран алып кеткен.
Жүргүзүлгөн ыкчам аракеттердин натыйжасында шектүү катары 1992-жылы туулган М.К. аттуу жаран кармалып, Свердлов РИИБинин тергөө кызматына өткөрүлүп берилген. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 175-берене (Адамды никеге туруу максатында уурдоо) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынды", - деп жазылат маалыматта.