Бүгүн, 21-март күнү билим берүү жана илим министринин орун басары Нурлан Өмүров карантинден кийин ЖОЖдордун студенттеринин, мектеп окуучуларынын окуу процесси кандай болору тууралуу онлайн жыйын өткөрүүдө.
"Чет өлкөгө окууга тапшыруу маселеси боюнча, буга чейин деле чет өлкөлөргө документтерди онлайн режимде тапшырып келишкен. Азыр коронавируска байланыштуу дүйнө жүзүндө авиакаттамдар токтотулду. Ошону жана чет өлкөнүн окууга кабыл алуу процессин, тартибин карап чыгып, бүтүрүүчүлөр ошого жараша аракет кылышы керек", - дейт Өмүров.