Тышкы иштер министрлиги Кытайдагы элчилик менен биргеликте медициналык каражаттарын, анын ичинде COVID-19 коронавирус инфекциясын аныктоочу экспресс-тесттерди сатып алуу боюнча иштерди жүргүздү. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.
"Бүгүн, 25-мартта 112 500 доллар ташуу эсеби жок кошумча 30 миң экспресс-тест сатып алуу маселеси чечилди. Жакынкы күндөрү экспресс-тесттер Саламаттыкты сактоо министрлигине келип түшөт. Буга чейин Кыргыз мамлекетине 22 500 доллар суммасында ыкчам тартипте 5 миң экспресс-тест сатып алып жеткирилген.
Ал экспресс-тесттер өкмөттүн эсебинен иш жүзүнө ашырылган", - деп айтылат маалыматта.