“Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасынын дарыгерлери массалык түрдө иштен кетип жатат” деген маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу бүгүн, 21-мартта республикалык штабдан билдиришти.
"Оорукананын бардык медициналык кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат. Алар жеке коргоочу каражаттар (бет каптар, респираторлор, коргоо костюмдары, бир жолку халаттар) менен толук кандуу камсыздалды. Жалал-Абаддагы медицина кызматкерлерине кошумча жеке коргоо каражаттарын жөнөтүү маселеси каралууда", - деп жазылат маалыматта.