Депутат Руслан Казакбаев коронавирус боюнча калп маалымат тараткандар болсо УКМКга расмий кайрылуу жасоо керектигин айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 1-июнда Жогорку Кеңештин комитет жыйынында билдирди.
"Социалдык тармактарда кээ бир ооруканаларда каза болуп калгандар болсо, туугандарына келишип "коронавирустан каза болду деп айтып коёсуздарбы, 30 миң сом, 50 миң сом беребиз" деп айткандар көбөйүп кеткенин жазышууда. Өткөндө мен өкмөттүн өкүлүнө, УКМКга кайрылдым эле. Эгерде бул калп болсо ал дагы кылмыш иши болот. Демек провокация, маалымат согушу башталды", - дейт Казакбаев.
Саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримов: "Биз дагы ушундай маалыматтарды угуп жатабыз, бул калп нерсе", - дейт.
Казакбаев маалымат калп болсо, УКМКга расмий кайрылуу жасап коюу керектигин айтты. Провокация кимдер тарабынан болуп жатканын тактоо зарылдыгын белгиледи.