Саламаттыкты сактоо министрлиги коронавирусту тез аныктай турган 5 миң экспресс-тест алды. Бул тууралуу бүгүн, 22-мартта республикалык штабдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, эксперсс-тесттер атайын эсептин эсебинен алынды. "Бул тест коронавирусту 20 мүнөттө аныктап, өлкөгө вирустун таркашын токтотот. Адистер эртеңки күндөн тарта ушундай экспресс-тесттер менен коронавирусту аныктап баштайт. Бул экспресс-тесттер Кытайда, Түштүк Кореяда жана башка өлкөлөрдө ийгиликтүү пайдаланылып келген", - деп жазылат маалыматта.