18-апрелге пландалган UFC 249 турнири коронавирус пандемиясынан улам токтотулду. Бул тууралуу уюмдун президенти Дана Уайт америкалык басылмаларга билдирген.
"Биз бул турнирди өткөрүүгө даяр болчубуз. Бирок бизге жогору жактан турнирди токтоткула деген буйрук келди", - деп билдирген Дана Уайт.
Буга чейин Дана Уайт бул турнир кырдаалга карабай өтөрүн, турнирге катышчу мушкерлер коронавируска каршы тесттен өтүп жаткандыгын билдирген.