Эки адамдан ашыкча чогулбагыла! Германияда коронавирустан улам тийиштүү тыюу киргизилди

Германиянын өкмөтү өлкөдөгү коронавирустун жайылышына каршы чараны күчөттү. Бул тууралуу канцлер Ангела Меркель билдиргенин дүйнөлүк ЖМКлар жазып чыгышты.

Айрыкча, жарандарга эки адамдан ашыкча болуп чогулууга тыюу салынды. Мындай талап бир гана бир үй-бүлөнүн мүчөлөрүнө жана жалпы үй чарбада чогуу жашаган адамдарга каралган эмес.

Германиянын бийлиги колдон келишинче жеке байланышты азайтууга кеңеш берип, коомдук жайларда адамдардан алыс болууга чакырды. Тыюу салуу эки аптага киргизилип, аны полиция кызматкерлери көзөмөлдөшөт.

Учурда Германия коронавирус жуктуруп алгандардын санынын көптүгү боюнча алдыңкы беш өлкөнүн катарына кирет. Илдетке чалдыккандардын саны 24 миң адамга жакындап калды. Ал эми каза болгондордун саны 92 киши.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан