Жогорку Кеңештин депутаты Төрөбай Зулпукаров коронавирус менен оорубаганын айтып, видео кайрылуу жасады. Анда депутат дарегине карата айтылган кептерге жооп берген.
Айтымында, айрым маалымат каражаттарында, социалдык тармактарда Зулпукаров коронавирус илдетин жуктуруп алыптыр деген маалыматтар тараган.
"Менин ден соолугум жакшы. Коронавируска тапшырган тесттин жыйынтыгы таза чыкты. Мени ушул илдет менен ооруп калыптыр деген туура эмес маалыматтар социалдык тармакка чыгып кетти. Мындан улам жалпыга туура маалымат жеткирип коёюн дедим. Менде баары жакшы, Кудайга шүгүр. Эч ким оорубасын, баарыңыздарга ден соолук тилейм!", - дейт ал.