Жабыркагандар жок. Ош облусунда жер титирөө катталды

Ош облусунда күчү 2,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Кырсыктын кесепетинен жабыркагандар болбогонун ӨКМнын маалымат кызматынан кабарлашты.

"22-март күнү саат 22:01де Кыргыз Республикасынын аймагында очогунда күчү 2,5 баллга жеткен жер титирөө катталган. Жер титирөө Ош облусунун Чоң-Алай районунун Жаш-Тилек жана Лангар айылдарында 2 баллга чейин сезилген. Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок", - деп билдирет маалымат кызматынан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан