Штаб: "Талас облусунда ар бир айылга санитардык-карантиндик посттор коюлду"

Талас облусу боюнча ар бир айылга санитардык-карантиндик посттор коюлуп, адамдардын жана автоунаалардын каттамы дыкат көзөмөлгө алынууда. Бул тууралуу өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, өзгөчө муктаждык болбогон жагдайда жашаган жеринен эч ким эч жакка чыкпоого тийиш.

"Талас облусунун кире бериши Талды-Булак айылында 21-марттан баштап санитардык-карантиндик пост иштеп жатат. 24-марттан баштап Талас шаарына жана Талас, Бакай-Ата, Кара-Буура, Манас райондорунун бири-бири менен чектешкен аймактарына атайын посттор коюлду. Санитардык посттордон өтүүгө, өтө зарыл жана жүйөлүү себеп менен каттаган жарандарга гана уруксат берилет", - деп жазылат маалыматта.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан