Ысык-Көл облусунда санитардык-карантиндик посттордо автоунаалар убактылуу уруксат берүүчү өтмө кагаздары менен өткөрүлүүдө. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 24-март күнү Ысык-Көл облусунун ыкчам штабынын чечими менен жарандарга жана унааларга калктуу конуштарга жүрүүгө убактылуу чектөөлөр киргизилди. Аталган чечимдин негизинде аймакта 50 санитардык карантиндик посттор орнотулуп, ал жерде милиция кызматкерлери, саламаттыкты сактоо, жергиликтүү бийлик органдарынын өкүлдөрү күнү-түнү иш алып барышууда.
Мындай кадамга баруунун негизги максаты болуп калк арасына массалык ооруну жуктурбоо. Аталган посттордон жарандардын жана автоунаалардын өтүшү, айыл округунун башчылары, мамлекеттик органдарынын жетекчилери тарабынан берилген убактылуу уруксат берүүчү өтмө кагаздары аркылуу гана ишке ашырылууда. Мындай уруксат берүүчү өтмө кагаздары өтө зарыл болгон учурларда берилет. Эгерде айдоочуларда жана жарандарда убактылуу өтө турчу уруксат жок болсо, посттон кайра артка кайтарылышат.
Учурда санитардык-карантиндик посттордо абал стабилдүү, жарандардын жана унаалардын санынын кыскарылышы байкалууда.