Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлү: "Карантинди сактаңыздар!"

Бүгүн, 25-мартта саат 15:00гө карата Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлүнүн катышуусунда коронавирус боюнча онлайн маалымат жыйыны өттү. Анда Кыргыз өлкөсүнүн саламаттыкты сактоо министрлигинин коомдук саламаттыкты сактоо бөлүмүнүн башчысы Айнура Акматова жарандарды карантинди бекем сактоого чакырды.

Анын айтымында, үй карантинине чыгарылган жарандардан анализдер алынып, алар терс чыккандыгына байланыштуу үйлөрүнө жиберилди. "Бирок үй карантинине чыгарылган жарандарга дагы бир жолу кайрылып кетер элем: 14 күн үй карантинин толук жана так сактаңыздар!" - деп билдирди Акматова.

"Үйгө келгенде сырт кийимчен үйгө кирбеңиздер. Сөзсүз түрдө душка түшүңүз жана кол телефондорду тазалаңыздар", - деп кошумчалады ал.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан