Өлкөдө калкты жана турак жай фондун каттоо белгисиз мөөнөткө жылдырылды

2020-жылы эл жана турак жай фондун каттоо белгисиз мөөнөткө жылдырылды. Маалыматты Улуттук статистика комитетинен кабарлашты.

"Буга чейин эл жана турак жай фондун каттоо 2020-жылдын 23-мартынан 1-апрелине чейин белгиленген. Бирок коронавируска байланыштуу 2020-жылдын 19-мартында эл каттоо жараянынын расмий мөөнөтүн ушул жылдын 20-апрелинен 29-апрелине чейинки мезгилде өткөрүү чечими кабыл алынган. Президент Сооронбай Жээнбеков өлкөнүн айрым шаарлары менен райондорунда өзгөчө абал тартибин 30-апрелге чейин узартуу жөнүндө жарлыкка кол койду. Мындан улам Улуттук статистикалык комитет 2020-жылга белгиленген эл жана турак жай фондун каттоону белгисиз мөөнөткө жылдырды", - деп айтылат билдирүүдө.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан