Коронавирус бүгүнкү күндө 197 өлкөгө жайылды. Анын көбүндө карантин жарыяланып, жашоочуларга сыртка чыгууга чектөөлөр киргизилди. Жумуштан чарчап үйдө жатууну каалап жүргөндөр деле эми үйдө отуруудан чарчап баштаганын ар түрдүү көрсөтө башташты. Айтор интернет желелери үйдө карантинде отурганга тиешелүү бир нече тамашаларга, видеолорго толду. Биз сиздерге айрымдарын топтодук. Сиз да карантинде үйгө эригип жаткан болсоңуз, бул кабардын алдына комментарий жаза кетиңиз.
Айрым маалымат булактары дүйнө элинин төрттөн бир бөлүгү ушул тапта карантинде экенин жазышууда.
Италия - балкондо ырдоо флешмобун баштап берди
Бул өлкөдө вирусту 74 миңден ашуун адам жуктурганы маалымдалууда, тактап айтканда, оору эң көп жайылган өлкө болуп жатат. 10-марттан тартып Италия өлкө боюнча карантин жарыялап, аны катуу тартипте көзөмөлдөй баштаган. Бул арада италиялыктардын балконго чыгып алып серенада айтып, ырдап, бийлеген видеолору тарады. Төмөндөгү видеодо алардын топтому.
Казакстан да карантинди ыр менен жеңүүдө
Карантин жарыяланган башка өлкөлөр да өнөрүн өз үйүндө отуруп тартуулоону бат эле өздөрүнө сиңирип алышты. Флешмоб жакынкы Казакстанга да келип, балкондон талантын көрсөткөндөр четтен чыкты. Төмөндөгү видеолор Алматы шаарында тартылган.
7 метр балкондо 42 чакырым чуркаган француз
Бул франциялык жеңил атлетчи Элиша Ночомовиц. Ал карантин учурунда 6 саат 48 мүнөт ичинде 42 чакырым 200 метр аралыкты чуркаган. Албетте, атайын тротуарда эмес, балкондо. Ал жашаган батирдин балконунун узундугу 7 метр экенин айткан. Балконду канча жолу айланганын эсептей албай калган, бирок канча аралыкка чуркаганын фитнес-шагомер эсептеп турган.
"Бир аз тамашалуу челленж таратууну туура көрдүм. Коронавируска байланышкан бул абалды иллюзиялар менен капалуу кылып албайлы деген ойдо тамашалуу көрүнүш жасагым келди", - деген ал.
Литвалык фотографтын эриккенден тарткан сүрөттөрү дүйнөгө жайылды
Литвалык Адас Василяускас карантинде жаткан учурда абдан эриге баштаган. Мүмкүн болгон учурда сыртка чыгып, дрон менен эл эмне менен алек экенин сүрөткө тартууну чечкен. Адегенде ал досторуна чалып, өздөрү эмне кылып жатканын терезеден көрсөтүп коюуларын өтүнгөн. Бирок анын сүрөттөрү карантинде жаткандардын көңүлүн көтөрүп, көпчүлүк бул убакытты кантип өткөрүп жатышкандыгын сүрөттөр аркылуу бөлүшө башташкан.
Орусиялык хоккеист балдары менен чүчпара түйгөн видеосун жарыялады
Орусиянын хоккей боюнча курама командасынын оюнчусу Илья Ковальчук бул тыныгуу учурунда төрт баласы менен чогуу чүчпара түйүп жаткан видеосун жүктөгөн. "Үй-бүлөбүз баарыңарга сабырдуулук жана ден соолук тилейт" деп жазган ал. Көпчүлүк спортчунун бул видеосун үлгү катары көрүп, балдар менен жакын болууга, убакытты үй-бүлөгө арноого карата түзүлгөн шарт деп баалашууда.
Карантин Кыргыз өлкөсүндө...
24-марттан тартып өлкөнүн бир катар аймактарына өзгөчө абал режими киргизилген. Коменданттык саат белгиленип, жарандарга себепсиз сыртка чыгууга чектөөлөр кирди. Көптөгөн мекемелер жабылды. Бул учурда үйдө эмне менен алексиз деген суроо менен журналист Шайырбек Абдырахматовго кайрылдык. "Дал ушул тапта Эрик Бернддин китебин окуп жатам, жумуш учурунда кол бошочу эмес", - деп билдирди ал. Мындан тышкары ал видеосу менен бөлүшүп, мен өзүмө "Үйдө бекер отурба, китеп оку, ютубдан лекцияларды ук, балдарыңды эркелет, кыялдан, укта, анан эң башкысы семирип кетпе деп айтып жатам" дейт.
Кыяс Молдокасымов: "Карантин деп жаз жарышты өткөрүп жибербейли"
Тарыхчы Кыяс Молдокасымов ушул тапта талаа иштери менен кызуу алек. "Таажы тумоонун дарысы - таза абада таза эмгек, темирдей тартип, жан дүйнөнүн тазалыгы, жакшы тилек, эртеңкиге терең ишеним", - деп билдирет ал.
Сиз дагы карантиндеги кызыктуу видео, сүрөттөрүңүздү баяндап 0557 47-39-39 номерине WhatsApp аркылуу жөнөтсөңүз болот, окурмандардын топтому жарыяланат.