Бишкек шаарынын комендатурасынын маалымат жыйын берип, анда аткарылган иштер тууралуу буларды белгилешти:
Бишкек шаарынын бардык периметри боюнча 41 блокпост жайгашты;
Коменданттык саат 20:00дөн тартып эртең мененки саат 07:00гө чейин;
Маршруттук баракчаны кагаз бетине калем менен толтурса болот;
Борбордон тышкары жашаган, бирок бул жерде иштеген жарандарга иш берүүчүлөр иштегендиги тууралуу маалымат кагазын биз бере турган өткөрмө кагазга ылайык берүүгө милдеттүү;
Башка шаарда жашаган адамдар азыркы жашаган жеринен жашагандыгы тууралуу маалым кат (үй, кварталдык) жана ким экендигин тастыктаган күбөлүгү болууга тийиш;
Бүгүнкү күндөн баштап такси жана коомдук транспорттун иши толугу менен токтотулду, эгер буузулар болсо, алардын жетекчилерине карата тийиштүү чаралар көрүлөт;
Медициналык мекемелер менчигинин түрүнө карабастан иштөөгө милдеттүү, алардын ээлери толук кандуу иштешин камсыз кылууга тийиш;
Банктар жана алардын филиалдары дагы күндүзгү убакытта, кардарларды кабыл алуу жана тейлөө боюнча иштелип чыккан убакыт регламентине ылайык иштешет;
Коомдук тамактануу жайлары жабылды, бирок күндүзү жеткирип берүү кызматын көрсөтсө болот, андай кызматтар 20:00гө чейин ишке ашырылууга уруксат берилет;
Өзгөчө абал режими тууралуу бардык суроолор боюнча 66-06-16; 66-07-10; 66-21-34; 66-02-48 номерлери боюнча кайрылсаӊыз болот;
20:00дөн 07:00гө чейин коменданттык саат учурунда милиция кызматкерлери, медиктер жана коммуналдык кызматтар гана иштейт;
Күндүзгү убакытта массалык маалымдоо каражаттары үчүн чектөөлөр болбойт, аккредитациядан өтүү зарыл, кошумча маалымат берилет;
Эгерде дачага чыгып кеткиӊиз келсе, ошол жакта изоляцияга алынса болот;
Үй жандыктары менен короодо жана кыска убакыт гана сейилдөөгө болот, коменданттык саат мезгилинен сырткары;
Санитардык-эпидемиологиялык ченемдерди бузууга 1000 сом өлчөмүндө административдик айып каралат, протокол түзүлүп, токтом чыгарылып, төлөө банк аркылуу гана жүргүзүлөт.