Бүгүн, 4-апрелде Саламаттыкты сактоо министрлигинин коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Касымбек Мамбетов маалымат жыйын учурунда өлкөдө 9 дарыгер коронавирус жуктуруп алгандыгын айтты.
Коронавирус жуктуруп алган 9 дарыгердин ичинен:
Жалал-Абад облусунда 7 дарыгер;
Ош шаарында 1 дарыгер;
Бишкек шаарында 1 дарыгер коронавирус жуктуруп алышкан.
4-апрелге карата өлкөдө коронавирус жуктуруп алгандардын саны 144 адамга жетти.