UFC мушкери Конор Макгрегор Ирландиянын президентин коронавируска каршы татыктуу күрөшүүгө чакырды

UFC уюмунун атактуу мушкери Конор Макгрегор өзүнүн социалдык тармактагы баракчасы аркылуу Ирландиянын президенти Майкл Хиггинсуну коронавируска каршы күрөшүүгө чакырды.

"Мен азыркы учурда болуп жаткан коркунучтуу илдет тууралуу айткым келди. Биз азыр жумуштун баарын токтотууну, аэропортторду жана башка мекемелерди жабууну талкуулап жатабыз. Биз бул иштерди аткарышыбыз керек. Биз талкуулап жаткан убакыт бизди алаксытып жатат. Мен Ирландиянын атактуу жараны катары президентибиз Майкл Хиггинсуну коронавируска каршы татыктуу күрөшүүгө чакырам. Биз бардыгыбыз чогуу коронавируска каршы күрөшүшүбүз керек. Убакыт келди! Ирландия алга! Жер шары алга! Чогуу күрөшөбүз. Биздин колубуздан келет", - деп жазып калтырган мушкер.

Акыркы маалыматтар боюнча коронавирус оорусун дүйнө жүзү боюнча 438 миң 749 адам жуктуруп алган болсо, 19 миң 675 адам бул илдеттин айынан каза болду. Бул вирус Кыргыз өлкөсүнө дагы жетип, 44 адам жуктуруп алгандыгы аныкталды.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Sakura715
2020-03-25 22:36:31
Конордун жакшы адам экендигинин дагы бир белгиси!Тигиге окшоп ар кимге ыйлактап жургон жок,ал дагы тажатты озун пиар кыла берип, аллергия
+5
murat17
2020-03-26 00:32:54
Конордун бойлору аябай кызыктуу менин оюмча бул инсандын сырткы корунушу менен ички дуйносу такыр дал келбейт бул наборот жумшак жана ак конулдой корунот айтканым мен бир макала окуп калдым бир орулуу балага жардам кылыптыр бирок оз атын айтпай жашырып 1миллион которгон экен
+3
Alinur96kg
2020-03-26 01:46:20
Тиги кок мээ отурат эмне болуп атат,тушунбой жатам деп.
+2
Aktan2018
2020-03-26 01:58:35
Alinur96kg,качан мушташам элдин баары жыйып алып деппи
+5
Amantur_akjol
2020-03-26 10:52:54
Aktan2018,акыркы 2-3жылда өзүн көп пиар қылып бабаштады шоу кылып
+5
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан