Вице-премьер: "Азык-түлүк, медициналык каражаттарды ташыгандар тоскоолдуксуз өткөрүлөт"

Бүгүн, 26-март күнү коронавирус пандемиясына байланыштуу суроолорго вице-премьер Эркин Асрандиев жыйын өткөрүп, жооп берүүдө.

"Учурда өлкөнүн көпчүлүк аймагына өзгөчө абал режими киргизилгенине байланыштуу товарларды ташуу боюнча түшүнбөстүктөр, маселелер жаралууда.

Азык-түлүктү, медициналык каражаттарды жана газ баллон сыяктуу күйүүчү заттарды ташуу жаатында маселе жаралбайт. Баары тоскоолдуксуз өткөрүлөт.

Бул ишти жүргүзгөндөр коменданттын буйругунун көчүрмөсүн айдоочуга бериши керек, ошондой эле айдоочуда маршруттук баракча, уруксат берилген товарларды ташып жаткандыгы тууралуу маалымдама (справка) болсо, тоскоолдуксуз өткөрүлөт",
- деди Асрандиев.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан