17-апрель күнү Стамбулдан учуп келген жарандар Бишкек шаарындагы "Ак-Кеме" мейманканасына обсервацияга жаткырылат. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.
"Бүгүн, 17-апрелде түштөн кийин Бишкекке Стамбулдан 212 жүргүнчүсү менен учак учуп келет. Алардын баары “Ак-Кеме” мейманканасына обсервацияга жайгаштырылат. Өкмөт чет өлкөлөрдөгү Кыргыз жарандарын мекенине кайтаруу боюнча ишин улантат", - деп жазылат маалыматта.