Орусияда COVID-19 жуктуруп алгандардын саны сутка ичинде 182ге жетти. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, азыркы тапта Орусияда жалпы ооругандардын саны 840 адамды түзөт. 9 адам толугу менен айыгып чыкты, ал эми 2 адам көз жумду.
Дүйнө жүзү боюнча 472 миңден ашык адам вирусту жуктуруп алган. Алардын 21 миң 300 адам көз жумса, 114 миң адам айыгып чыккан.