Оштогу район аралык борбордо ПЦР-тесттин баасы төмөндөдү

Ош район аралык оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунда коронавируска ПЦР-тест тапшыруунун акысы төмөндөтүлдү. Эми тесттин тарифи 927 сомду түзгөнүн Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинен кабарлашты.

Аталган агенттиктин Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкармалыгы керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо максатында тарифтердин кошумча прейскуранты боюнча макулдашты. Ага ылайык, ПЦР-тесттин баасы 1574 сомдон 927 сом болуп өзгөрдү.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Nurgazy.kanykei.abuw
2021-07-11 10:50:48
ачаны топтоп алып элди сыгып буттунорда
+1
nazira...
2021-07-11 13:07:32
Кокуй мен пцр тапшырсан бекер болсо керек дедим эле. Ковид күчөп турганда кымбат коюшуп акчаны шыпырып алышып, эми азайып калганда арзандатып койдунарбы уялбай. Өлүм менен жашоонун ортосундагы соодагерлер. Дагы айлыгыбыз аз дешкендеричи. Силерге анан милицияга сөз жок да кыскасы
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан