Биз социалдык тармакта

Жогорку Кеңештин кызматкери патрулдук милиция кызматкерине кол көтөргөнү айтылууда. Ал эми кызматкердин жубайы маалыматтын көбү калп экенин билдирди

Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин бөлүм башчысынын орун басары Эрнест Молдошев мас абалында патрулдук милициянын кызматкерине кол көтөргөнү боюнча айрым маалымат каражаттары өздүк булактарына таянып жазып чыгышты.

Эрнест Молдошевдин жубайы Айдай SUPER.KG порталына билдиргендей, ал маалымат каражаттарында жазылган маалыматты окуган. "Биз дагы бул маалыматты окудук. Азырынча эч кандай комментарий бере албайбыз. Учурда жолдошум Жогорку Кеңеште иштебейт. Ал жакта жазылган көп маалыматтар туура эмес. Тийиштүү адамдар менен сүйлөшүп, андан кийин силер менен байланышабыз", - дейт Эрнест Молдошевдин жубайы.

"25-мартка караган түнү Жогорку Кеңештин кызматкери мас абалында Тойота Ленд Крузер унаасы менен шаарга чыккан. Аны патрулдук милиция кызматкерлери токтотсо, баш ийбей кетип калган. Артынан барып токтоткондо, ал милиция кызматкерине кол көтөргөн. Мындан улам Молдошев убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Бирок соттун чечими менен ал үй камагына чыгарылды", - деп жергиликтүү маалымат каражаттары жазышты .

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
BarsBaatyr
2020-03-27 11:37:35
Көпкөн да
+9
bond02
2020-03-27 11:41:25
Бизде ушул уй камагы деген закон катуу иштеп жатат.
+12
Mintip-menu-suybo
2020-03-27 11:49:45
Кандай жумушта иштесе да тез иштен алыш керек... Башкаларга улгу болгондун оорлуна кылганын кара мунун...
+11
Asman779
2020-03-27 11:49:53
Ээлеген ордуна таянып эч кимди козуно илбей озун кол жеткиздей сезди да. Кудай баарын ордуна коет. Акаев Бакиев ж.б лар эмне болду. Оздорун кудай сезип калды эле. Канча бийиктеген сайын ошончолук адамкерчиликтуу болбойбу ошондо элдин бийлике ишеними артат
+7
aydinnur
2020-03-27 12:05:29
Атасы генерал болсо чыгат да анан уй камагына..а берки Даниел деген баланы Абжалиевдин баласынын бетин ачса чаныртып барып камап койду((
+7
cholpon119966
2020-03-27 12:13:01
Ааээмм бул жагы тушунуктуу да, милиция озу этиятсыздык менен барып ошол кишинин муштумун сузуп алган...ал ааапппак
+6
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан